SerepTV Logo

Алагозов: "Президенттин атынан Эгемендүүлүк күнүнө карата 5000 сомдон берилет деген маалымат калп"

Алагозов: "Президенттин атынан Эгемендүүлүк күнүнө карата 5000 сомдон берилет деген маалымат калп"
Социалдык тармактарда Кыргыз жарандарына президент Садыр Жапаровдун атынан Эгемендүүлүк күнүнө карата 5000 сомдон акчалай жардам берилери тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жарыялады.

"Бул мамлекет башчысынын атын пайдаланып пайда көрүү максатын көздөгөндөрдүн аракети. Мамлекет башчысынын атынан мындай төлөмдөр жарыяланган эмес. Текстти коштогон шилтеме расмий мамлекеттик ресурс болуп саналбайт. Бул ресурс боюнча тийиштүү органдар иш алып барууда. Жарандарды жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана белгисиз күмөндүү шилтемелер аркылуу жеке маалыматтарын киргизбөөгө чакырабыз", - деп жазылат билдирүүдө.
SEREP MEDIA