Президент Садыр Жапаров Twitter’де расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.
«Мамлекет башчысынын X (Twitter’деги) аккаунту тууралуу «Фейк эмеспи» деген көптөгөн суроолор түшүүдө. Сиздерге маалымат үчүн билдирип коёлу, президент Садыр Жапаров чын эле X (Twitter’де) расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат.
Twitter — коомчулук жана эл аралык коомчулук менен ыкчам, ачык жана түз байланышуу үчүн эң эффективдүү платформалардын бири болуп эсептелет»,- деп жазды ал.