Кечээ, 19-декабрда саат 20:52де очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Анын очогу Бор-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк батышта болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.