13-июнь күнү Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында катталган өрт кырсыгында Улукбек Меңдибай уулу эрдик көрсөткөн иш-аракети менен көпчүлүктүн ыраазычылыгына ээ болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Анын мындай кайратмандыгы эске алынып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы Улукбекти Меңдибай уулу атайын чакырып, ыраазычылык сөздөрүн айтып, Ардак грамота жана белектерди тапшырышты.
Башкармалык жаратылыш кырсыктары жана өрт учурларында элге жардам көрсөткөн жарандарды буга чейин да эстеп, баалап келген. Мындай иш-аракеттер жалпы коомго үлгү болуп, өзгөчө кырдаалдарда кайдыгер болбой, бирөөгө жардам берүү — ар бир жарандын атуулдук парзы экенин дагы бир жолу эске салат»,- деп айтылат маалыматта.