Abank july
SerepTV Logo

Аламүдүн дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, кооптуу тилкелерге шагыл төгүлдү

Аламүдүн дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, кооптуу тилкелерге шагыл төгүлдү
 
4-августта Бишкек шаарынын Октябрь районунда Аламүдүн дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада Көк-Жар айылынын Салкын көчөсүндө көпүрөдөн суу ашып чыгып, жолду каптаган. Ошондой эле Көк-Жар айылынын Кыял көчөсүндөгү №2 турак үйдүн жер төлөөсүнө суу толгон.
 
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн офицери, Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкери, Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгынын участок башчысы, 1 экскаватор жана Октябрь райондук №5 Өзүнчө өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 мотопомпа тартылды. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында Аламүдүн дарыясынын жээктери бекемделип, суунун ашып кетүү коркунучу жаралган кооптуу тилкелерге шагыл төгүлдү. Ошондой эле мотопомпанын жардамы менен Кыял көчөсүндөгү №2 турак үйдүн жер төлөөсүнө толгон суу сордурулуп чыгарылды. Аткарылган иштердин натыйжасында аймактагы каптоо коркунучу толугу менен жоюлуп, кырдаал көзөмөлгө алынды. Азыркы учурда кырдаал туруктуу.