Бүгүн, 1-ноябрда Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков № 1 мектептин 3-классынын окуучусу Эмирге өрттү заматта байкап калып, дароо кабарлагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эмир кырсыктын алдын алууда чоң роль ойногон жана өзгөчө кырдаалда тез жана чечкиндүү иш алып баруу менен өзгөчө жоопкерчилигин көрсөттү. Район башчысы Кыялбекке ыраазычылыгын билдирип, Ардак грамота менен сыйлады. Ал эми Эмирге ыраазычылык каты жана өзгөчө баатырдыгы үчүн белек тапшырды. Ошондой эле уулуна мыкты тарбия бергендиги үчүн апасына ыраазычылык каты тапшырылды.