Аламүдүн дарыясынан 4 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды. 55 HOWO унаасы болжол менен 214 жолу ташыды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
27-декабрда өзгөчө кырдаал боюнча машыгуунун алкагында шаардын аймагында биринчи этап масштабдуу иштер башталган. Анда шаардык кызматтардан 30 экскаватор жана 55 HOWO самосвалы тартылган. Жалпысынан 85 бирдик техника тартылды.
«Иш ондогон участокторго бөлүнүп, муниципалдык ишканалардын катышуусунда жүргүзүлдү. Алар «Бишкек жашыл курулуш», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис», «Бишкексууканал», «Бишкек санитардык полигону», «Бишкекжарык» муниципалдык ишканалары, Бишкек шаардык жол кайгуул кызмат башкармалыгы, ӨКМ, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы», — деп жазылат маалыматта.
Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугун механикалык тазалоо иштери кыш мезгилинде муз тыгындарын алдын алуу максатында башталган.