Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктап, Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштер менен таанышты.
Учурда борбор калаада Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктады. Бардыгы болуп 11 чакырым дарыянын нугу тазаланып, HOWO үлгүсүндөгү самосвалдын 2100 рейси аткарылып, 46 миң 822 тонна таштанды чыгарылды. Дарыя жээктерин бекемдөө үчүн 4287 тонна шагыл төгүлгөн.
Калаа башчысы Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери менен таанышып, тазалоо иштерин 20-мартка чейин бүтүрүү милдетин койду.