Чүйдө дайынсыз болуп жаткан Маматалы уулу Мукамбеталыны издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Ал 1996-жылы туулган жана 2024-жылдын 14-январында Бишкектеги Абдыкадыров көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Туугандарынын айтымында, дайынсыз жоголгон Маматала уулу Мукамбеталы акыркы жолу «12 каминов» эс алуу аймагынан байланышка чыккан. Ал эс-тутумунун начарлыгы менен жабыркайт.