Буга чейин ӨКМ, Чүй облустук милициясы маалымат таратып, кечээ, 18-июлда Чүйдөгү Аламүдүн капчыгайындагы Аламүдүн суусуна 1996-жылы туулган келин менен анын 2022-жылы туулган кызы түшүп кетишкенин, ошол эле күнү келиндин жансыз денеси табылганын билдиришкен.
Ал эми наристени издөө иштери бүгүн, 19-июлда улантылып жатат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине каза болгон келиндин таякеси наристе коляскада болгонун, коляска сууга түшүп кеткенде келин артынан секиргенин тастыктады.
Ал ошондой эле наристени издөө үчүн ыктыярчылар керек болуп жатканын айтты.