Гүлзат Тойгонбаева 37 жашта. 18 жашында турмушка чыккан ал 11 бала төрөп, жолдошу экөө кийин дагы 2 бала багып алышканын айтат. Удаа туулган балдары менен маек берген баатыр эне “Биз 2 бөлмөлүү үйдө турабыз. 11 бала менен ары-бери жүргөндө такси жалдаш керек болот. Кээде такси албайт. Ушундан улам балдардын жарымы үйдө калат” дейт.
«Мага 11 бала аздай эле көрүнөт. Өзүбүзгө көнүп калганбыз. Бирөөсү эжесинин үйүнө кетсе деле издей берем. Балдарды алып чыгуу үчүн унаа керек, а бизде унаа жок болгон үчүн жарымы үйдө калат», — деди баатыр эне.
Ал ошондой эле айына азык-түлүккө кеткен акчаны эсептеп көрбөгөнүн айтты.
«Жөлөк пул 12 миң сом алам. Ал азык-түлүккө жетпей калат. Мектепке акча төлөбөйм. Атабыз ден соолугуна байланыштуу үйдө болуп жатат. Бирок жумуш чыкса иштейт. Мен 11 баланы өзүм төрөгөм, каза болуп калган бир тууганымдын 2 баласын багам. Алар 23-24 жашта. Бул жакка келбей коюшту», — деди келин.