Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТН) боюнча маселе дээрлик чечилгенин билдиргенин «Азаттык» жазды. Анын айтымында, ЭТТНди жөнөкөйлөтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ да ишин жыйынтыктап калды.
“ЭТТН маселеси жоюлду десек болот. ЭТТН мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга гана калат. Экинчиден, импорт менен алектенгендерге да калат. Анткени алар сырттан тонналаган товарларды ташып келет. Завод-фабрикалар да бар. ЭТТН менен аларды да көзөмөлдөш керек. Аларда ЭТТН толтуруп, бардык ишти аткарганга шарты бар”, — деген ал.