Бүгүн, 14-январь күнү саат болжол менен 13:00 чамасында Чүй ОИИБдин “Манас” аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун нөөмөт бөлүмүнө “Манас” аэропортунун Тез жардам бөлүмү кайрылып, 1959-жылы туулган жаран оор абалда келгендиги боюнча маалымдашкан.
Аталган маалымат “Манас” аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 13-январь күнү жаран келинчеги менен Бишкек шаарына учуп келип, кайрадан 14-январь күнү Бишкек-Жалал-Абад каттамы боюнча Жалал-Абадга учуп кетер алдында оор абалда “Манас” аэропортунун Тез жардам бөлүмүнө кайрылганы такталган.
Маркум жүрөк оорусу менен буга чейин инфаркт алгандыктан анализ тапшыруу максатында келип кайрадан өзү-туулуп өскөн жерине кетип жаткан учурда каза болгондугу аныкталган.
Маркумдун сөөгүн кароо учурунда денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес жана туугандары соттук-медициналык экспертиза дайындоодон баш тартышкан. Азыркы учурда териштирүү иштери уланууда.