4-февралда 2010-жылы туулган Аннас Айтбаев Бишкектеги №72 мектепте сабалып, кийин ооруканада каза тапкан. SEREPTV телеканалына маркум окуучунун ата-энеси маек беришти.
Мугалимдерге нааразыбыз деген Аннастын атасы Дөөлөтбек Айтбаев көрсөтмө берем деген балдардын ата-энелерине да класс жетекчиси туура эмес маалымат жеткирген деп эсептей турганын билдирди.
«Негизи муну жашырууга болбойт болчу. Баланын сабалганын билсек эртерээк чара көрмөкпүз. Ошол учурда шансыбыз бар болчу. Алар дагы эне, алар да ата. Мектептин эмгек жамаатына нааразыбыз. Баланы сабаганын ошол эле күнү билишсе да, бизге эки күндөн кийин келип жалган маалымат берип кетишкен. 9-класстын балдары урганын жашырышкан. Чындыкты бизден жашырганы аз келгенсип, жалган маалымат да таратышкан. Класс жетекчиси көрсөтмө берем деген балдардын ата-энесин чакырып «Бул бала төрөлгөндө эле жүрөгүндө кемтиги бар болчу экен. Жүрөгү чоңоюп кетиптир. Жакында операция болушу керек болчу экен. Баары эле көрсөтмө бербей жатышат» деп айтыптыр», — дейт Аннастын атасы.
Укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганын айткан Дөөлөтбек Айтбаев иш каралып жатканын кошумчалады.









