Abank_june
SerepTV Logo

"Аптаптан сактан". Министрлик ысыкта жүрүү эмнеге алып келерин эскертти

"Аптаптан сактан". Министрлик ысыкта жүрүү эмнеге алып келерин эскертти
Узак убакыт түз күндүн астында жүрүү организмге оор зыян тийгизиши мүмкүн. Дарыгерлер мындай абалды үч деңгээлге бөлүшөт.

☝Эң оор, үчүнчү деңгээлде адам башы айланып, эмне болуп жатканын түшүнбөй калат, көзүнө түшүнүксүз нерселер көрүнөт, денеси тырышып, эсин жоготушу мүмкүн.

⚠Мындай учурда дароо медициналык жардам керек, болбосо абал өмүргө коркунуч жаратышы мүмкүн.

Күн нурунан туура коргонуу үчүн төмөнкүлөрдү эсиңизден чыгарбаңыз:

👚Туура кийимге басым жасаңыз: териге дем алдырган, жука жана табигый материалдардан (зыгыр, пахта, жибектен) тигилген кийим кийиңиз;
🧢Башыңызды сөзсүз түрдө ачык түстөгү жеңил баш кийим менен жаап жүрүңүз;
🌂Бет жана башты муздак суу менен жууп туруу же зонт колдонуу пайдалуу;
🫗Ар дайым таза суу ичип туруңуз.
❌Алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн алыс болуңуз, алар организмди кургатат;
🌳Саат 11:00ден 16:00гө чейинки эң ысык убакта түз күн тийген жерде болбоого аракет кылыңыз. Зарыл учурда көлөкөдө жүрүңүз