Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Мурас» турак жай комплексинин ачылыш аземине катышты.
“Кайсы үй-бүлөнү алба, балдары билим алып, кесипке үйрөнүп, эрезеге жеткенде ар бир ата-эне “ушул балам, же ушул кызым ак эмгеги менен каражат тапса, үйлүү-жайлуу болушса, анан бак айтып үй-бүлө курушса” деп басса-турса тилек кылат. Мына ошол турак жай маселесин чечүү максатында акыркы жылдары жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кириштик. Анын алгачкысын он күндөй мурун дал ушул борбор калаабызда баштап, 500дөн ашуун жаранга батирлердин ачкычтарын тапшырдык. Бүгүн ошол ийгиликтүү долбоордун уландысы катары “Мурас” турак жай комплексинин ачылыша күбө болуп жатабыз”, — деди Садыр Жапаров.
Ал турак жай комплекси үчүн алынган жер тилкесинде мурда №47 түзөтүүчү колониясы жайгашканын, аны шаар четине чыгарып, ордуна жай турмуш өкүм сүрсүн деген ниетте турак жай куруу мерчемделгенин эске салды.
“Мурас” турак жай комплекси — жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналат. Анын алгачкы этабы аяктап, 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөрдөн 510 батир Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ээлерине тапшырылат.