Оштон Өзбекстанга мал экспорттогондордон Ветеринардык кызмат ар бир мал үчүн 100 сомдон алат. Бул тууралуу бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев айтты.
Эл өкүлүнүн айтымында, Өзбекстанга жумасына дээрлик 15-20 миңге жакын мал экспорттолот.
«Ошол жерден Ветеринария кызматынын жетекчисине деп бир баш малдан 100 сомдон чогултулат экен. Муну бир нече ишкер тастыктады. Камчыбек Кыдыршаевичке да кайрылам, бул жигитке тез арада чара көрүңүздөр”, — деди Акаев.