«Арал» постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Буга Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда кар жаап, жол тайгак болуп жатканы себеп болгон.
«Кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 06:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилди», — деп айтылат маалыматта.