Abank_june
SerepTV Logo

Арашан-Чуңкурчак унаа жолуна биринчи катмар асфальт төшөлүп бүттү

Арашан-Чуңкурчак унаа жолуна биринчи катмар асфальт төшөлүп бүттү
 
Арашан – Чуңкурчак унаа жолу Чүй облусундагы негизги туристтик каттамдардын бири. Бул жол аркылуу белгилүү лыжа базаларына жана эс алуу жайларына жетүүгө болот. Аталган унаа жолдун жалпы узундугу 20 чакырым 731 метрди түзөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Бүгүнкү күнгө карата Арашан – Чуңкурчак унаа жолуна калыңдыгы 7 сантиметр болгон асфальттын биринчи катмары толук төшөлүп бүттү. Долбоорго ылайык, анын үстүнө дагы 5 сантиметр калыңдыктагы экинчи катмар асфальт төшөлөт. Мындан тышкары, жол боюндагы тирөөчү дубалдар менен суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында темир тосмолордун 60 пайызы орнотулуп, жол белгилеринин 80 пайызга жакын коюлду. 2 көпүрөнүн курулуш толугу менен бүткөрүлдү. Долбоор ишке ашкандан кийин туристтик аймактарга жетүү жеңилдеп, жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорттук шарттар жакшырат. Жолдун курулуш иштери министрликтин туруктуу көзөмөлүндө.