Кечээ, 2-июлда Ош облусунун Араван районунун Достук айыл өкмөтүнө караштуу Кесек айылында 1 чакырым жолго асфальт төшөлүп колдонууга берилди.
Иш-чарага президенттин Ош облусунун ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Курманбек Айтибаев, Араван районунун акими Данияр Эркимбаев, Достук айыл өкмөт башчысы Мамыржан Кадыров жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Араван районунун 90 жылдыгына карата быйылкы жылы өнүктүрү фонду жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6 чакырым жолго асфальт басуу пландалган.











