Abank july
SerepTV Logo

Аркан үзүлүп кетип каза болгон жаран. Спорт комплекстин ээсине козголгон кылмыш иш токтотулду

Аркан үзүлүп кетип каза болгон жаран. Спорт комплекстин ээсине козголгон кылмыш иш токтотулду
2024-жылдын 6-июль күнү саат 13:30 чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан Flyjump спорттук комплексинде жардан секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, 1985-жылы туулган жаран ошол жерде каза болгон. Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 297-беренесинде (керектөөчүлөргө кооптуулук жаратуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелип 1996-жылы туулган Flyjump спорттук комплексинин кожоюну кармалган. Сот спорттук комплексинин ээсине козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Соттон билдиришти. Маалыматка караганда, 2024-жылдын 26-августунда Аламүдүн райондук сотунун чечими менен Кылмыш жаза кодексинин 297-беренеси (керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү, этиятсыздыктан оор залал келтирүү) менен айыпталып жаткан жарандын иши токтотулду. Жазык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун негизинде жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү ачык айыптоодон баш тарткандыгына жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотулгандыгына байланыштуу токтотулган.