Биринчи вице-премьер Артем Новиков Талас шаарында Жер-Үй кенин иштетүү маселесин талкуулоо боюнча элдик комиссиянын кеңешмесине катышты, анда комиссия ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары сунушталды. Иш-чарага Талас облусунун 500дөн ашуун тургуну катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Суроо-жооп форматында өткөн кеңешменин жүрүшүндө облустун тургундары Жер-Үй алтын кенинин иштеши, анын ичинде өндүрүш ишинин экологияга тийгизген таасири боюнча маселелерди көтөрдү.
Биринчи вице-премьер белгилегендей, экологиялык коопсуздук маселеси өкмөт үчүн артыкчылыктуу жана өзгөчө көзөмөлдө турат.
«Ушул жылдын 6-январында мен фабрикага барып, калдык сактоочу жайдын абалы менен тааныштым. Биз мембрананын абалын жана калдык сактоочу жайдын абалын иликтөө максатында ишканага эл аралык көз карандысыз компанияны чакыруу тапшырмасын бергенбиз. 20-январда «Sensor Group» компаниясынын адистери келип, аталган маселелерди иликтеп, анча чоң эмес кемчиликтерди аныктаган. Аталган кемчиликтер оңдолгон. Ишкана калдык сактоочу жайга мембрананын кошумча катмарын орнотот. Мен калдык сактоочу жайдын коопсуздугу камсыздаларын баса белгилейм. Бирок кошумча убакыт талап кылынат», — деди ал.
Артем Новиков билдиргендей, келерки жумада компетенттүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү тургундардын, көз карандысыз эксперттердин жана экологдордун катышуусу менен мамлекеттик комиссия түзүлөт.
«Жарандар тарабынан айтылган ар бир факты текшерилип, зарыл болгон учурда фактылар укук коргоо органдарына берилет. Бир дагы окуя көз жаздымда калбайт», — деди ал.











