Бишкек мэриясы маалымат таратып, айласы кеткен тургундар Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге кайрылышканын билдирди.
Маалыматка караганда, тургундар үйлөрдөн чыккан саркынды суулар арыкка кошулуп, экологияга зыян келтирип жатканын айткан.
«Мен эми ар бириңердин аймагыңарга экскурсия кыламбы? Карачы, бул жакта эмнелер агып атат? Мен кечинде дагы бир жолу келем, ошондо бул жер кургак болуп калсын», — деп буюрган Айбек Жунушалиев.
Мэриядан көп жылдар бою айтылбай келе жаткан көйгөйдү акыры чече башташканын белгилешти.