Бишкек мэриясы Европа өнүктүрүү жана реконструкцииялоо банкынан алган карызын мөөнөтүнөн мурда төлөп бүттү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жазды.
«Мындан сырткары Бишкек мэриясынын өзүнүн каражатына сатып алып жаткан техникалардын кезектеги партиясы келди. Бул кар күрөп, туз сепкен жана жайында жолдорду жууган 20 даана универсал унаа, анан дагы кар чогултуучу атайын үч унаа», — деп жазды президенттин маалымат катчысы.