Кечээ, 14-августта Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде күжүрмөн даярдык боюнча сабак учурунда контракттык негизде кызмат өтөгөн аскер кызматчысы каза болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, аны ошол эле аскер бөлүктүн жоокери куралга этиятсыз мамиле кылып, атып алган. Аскер кызматчысына биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, дароо медициналык мекемеге жөнөтүлгөн. Бирок ооруканага жетпей каза болгон.
Аскер прокуратурасы кызматтык иликтөө иштерин баштады.








