Социалдык тармактарда эркек кишинин видео аркылуу сүйлөшүп жатканы тарады. Кадрларда ал балдарын кемсинтип, аялын коркутуп жатканын угууга болот.
Ички иштер министрлигинен 12-октябрда билдиришкендей, учурда милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Укук коргоо органдары видеодогу бардык адамдардын аты-жөнүн тактап жатат.