«Аватар: От жана күл» тасмасынын биринчи трейлери чыкты. The Hollywood Reporter басылмасынын маалыматына караганда, трейлер күйөрмандардын чоң реакциясын жаратты, алар тасма 2025-жылдын эң чоң окуясы болуп калат деп болжолдоп жатышат.
2009-жылы жарык көргөн биринчи «Аватар» тасмасы дүйнө жүзү боюнча 2,9 миллиард доллар киреше алып, эң кирешелүү тасма болуп калды. «Суу жолу» аттуу уландысын тартуу үчүн 13 жыл талап кылынган, ал 2,3 миллиард доллар киреше алып келип, 2022-жылдын эң көп кирешелүү үчүнчү тасмасы болуп калган. Үчүнчү бөлүгү 2025-жылдын 19-декабрында жарыкка чыгары күтүлүп жатат.








