Социалдык тармактарда иш-чарада эркек кишинин аял кишини микрофон менен чаап жиберген видеосу тарады.
Видеодон костюм шым, калпак кийген кишинин алгач эркек кишини чапканын көрүүгө болот. Андан кийин “Мырзалар, келгиле жардамга”,- деген аялга да кол көтөргөн.
Журналисттерге милициядан маалымат берилерин убадалашты.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя 22-декабрда Бишкектеги ресторандардын биринде болгон.