Социалдык тармактарда иш-чарада эркек кишинин аял кишини микрофон менен чаап жиберген видеосу тарады.
Видеодон костюм шым, калпак кийген кишинин алгач эркек кишини чапканын көрүүгө болот. Андан кийин “Мырзалар, келгиле жардамга” деген аялга да кол көтөргөн. Журналисттерге милициядан маалымат берилерин убадалашты.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя 22-декабрда Бишкектеги ресторандардын биринде болгон.










