Буга чейин социалдык тармактарда иш-чарада эркек кишинин аял кишини микрофон менен чаап жиберген видеосу тараган.
Видеодон костюм шым, калпак кийген кишинин алгач эркек кишини чапканын көрүүгө болот. Андан кийин “Мырзалар, келгиле жардамга”,-деген аял кишиге да кол көтөргөн.
Видеодогу жарандын өзүн блогер деп атаган Илимбек Исраилов экенин жазып жатышкан. Көп өтпөй эле Илимбек Исраилов социалдык тармактагы баракчасына кечирим сураган видео жүктөдү.
“Кылыгым үчүн кечирим сурайм. Силердин айтып жаткан ой-пикириңер мен үчүн сабак болсун. Күнөөмдү мойнума алам жана өкүнөм. Аял кишиге мындай жоосун эч ким тарабынан болбошу керек. Пенде экенбиз, адашып калдым. Спирт ичимдиктерин ичкенбиз. Ошондуктан ушундай окуя болуп кетти. Мырзадан, карындаштан, кеченин конокторунан кечирим сурайм. Мен алып баруучуларга барып, баарын түшүндүргөнгө аракет кылдым. Баарыңардан кечирим сурайм”,- деди ал.