«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн иштен бошотулганын мэриядан билдиришти.
Ишкананын төмөнкү кызматтарда иштеген кызматкерлери иштен бошотулду:
— инженер-энергетик;
— пландоо-экономика бөлүмүнүн башчысы;
— башкы бухгалтер;
— диспетчер.
Социалдык тармактарда 2 күн үйүнө барбаган күйөөсүнө «концерт» койгон аялдын видеосу тарап, талкууга алынган. Видеодон аял күйөөсү жумушунда ичип отурганын, анын 2 күндөн бери үйүнө бара элегин айтат. «Садыр Жапаровго чейин барам» деген аялдын столдун үстүндөгүлөрдү көңтөрүп салганын көрүүгө болот.