Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырды.
Буга чейин соцтармактарда өз атасы 5 жашар кызын сабап жаткандагы видео тараган. Акыйкатчы балдарга карата зомбулукту болтурбоонун алдын алуу керектигин билдирди.
Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү атасы тарабынан сабалган кыздан жана анын апасы, бир туугандарынан кабар алды. Кыздын апасынын айтымында, жолдошу ичимдик ичип келип, тынчтык бербей ызы-чуу салганынан бир баласын алып, үйүнөн чыгып кеткен. “Бул окуя 14-ноябрда болгон. Соцтармактарга 3-декабрда таркап кетиптир. Жолдошум мас болуп келип, тынчтык бербей жатканынан эки баламды калтырып, үйдөн кетип калгам. Анан эле, 5 жашар кызымды чыбык менен чаап, видеого тартып, мага жибериптир”, — деди кыздын апасы. Бул окуядан кийин эне менен балдарына соттук-медициналык, соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган. “Учурдаэки кызым менен Майлуу-Суу шаарында ата-энемдин үйүндө жашап жатабыз. Улуу балам болсо, чоң энеси менен Бүргөндү айылында жашап, билим алууда”, — деди кыздын энеси.
ИИМдин маалыматына ылайык, кызын сабап, видеого тартып алган 41 жаштагы жаран кармалып, тергөө иштери жүрүүдө. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн токтомунун негизинде, 5-декабрь күнү ал жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.