Буга чейин президент Садыр Жапаровдун атына Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун жаңы президенти жана башкы директору Жеффри Гедминден бул туурасында маалымдаган кат келип түшкөн.
«Бул өлкөдө эч ким сөз эркиндигин басмырлайын же тигил же бул ЖМКны чектейин деген ниети жок экенин дагы бир жолу көрсөтөт. Бирок бардык жарандар, Кыргызстандын аймагында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар — өлкөнүн мыйзамдарына (анык эмес маалыматты таркатууга тыйуу салган) милдеттүү түрдө баш ийиши керек. Ар дайым айтып келгем жана дагы да айтам – сөз эркиндиги бизде болгон, бар жана болот. Ошону менен бирге, бардыгын улуттук мыйзамдарды так сактоого жана анык эмес маалыматты таркатпоого чакырып кетем», — деди ал.