«Оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарын чакырдык, бирок келбей коюшту. Баш тартышты десек да болот. «Азаттык» Прагадан уруксат сурайлы дептир, жыйынтыгында уруксат берилбептир. «Кактус» баш тартты. «Политклиника» айылдамын деген шылтоосун айтыптыр. Бүгүн да келе берсе болмок. Качты баары», — деди президент Садыр Жапаров курултайдын делегатынын «Азаттык, Политклиника өңдүү маалымат каражаттарына да сөз берип койсоңуз», — деген суроосуна жооп берип жатып.
Мындан сырткары Садыр Жапаров жогоруда аталган маалымат каражаттары кайдан, канча суммадагы каражаттарды алганын ачыктады. Өлкө башчысы иш жүзүнө келгенде алар жалган маалыматтарды таратуу менен жалаа жаап, терс көрүнүштөрдү гана издешерин белгиледи.
Мамлекет башчысы АКШнын мамлекеттик департаментине кайрылып:
“Эгерде силер акчаны кайда коротууну билбей жатсаңар анда түз эле бизге бергиле, биз аны даректерине жеткиребиз. Журналистиканы жогорку деңгээлге көтөрүү керек болуп жатса, анда көтөрөбүз. Керек болсо сөз эркиндигин толук камсыздап беребиз. Силердин акчаңарды натыйжалуу пайдаланып, отчётун көрсөтөбүз, алдабайбыз», — деди.