Ала-Арча капчыгайынын Байчечекей чокусунда калган 2 альпинист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кечээ, 20-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайында жайгашкан Байчечекей чокусуна Ильюшинка 4б маршруту менен чыгып, кайтып келе жаткан Орусиянын эки альпинисти караңгыда жол таппай тоодо түнөп калышкан.
Аталган чоку деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, аларды Бишкекке саат 7:19да алып келген.








