Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Макаренко айылындагы күрүч таңгактоочу логистикалык борборунун пайдубалын курууда капсула салуу аземине катышты. Бул логистикалык борбор айыл өкмөттүн балансында.
Курулуш иштери бүтсө, ишке берилет. Кластердик чынжырча аркылуу Дүйнөлүк Банк тарабынан 100 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, ага 5 трактор, 2 жүк ташуучу машина, 4 шалы оруучу комбайн, 1 экскаватор, 1 портер унаасы, 1 дары чачуучу дрон алуу каралып, анын ичинен 1 экскаватор, 4 шалы оруучу комбайн алынып ишке берилди.










