Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев «жазгы-талаа иштери боюнча көйгөй жаралбасын» деген тапшырма бергенин аталган министрликтен билдиришти.
«Күйүүчү май, жер семирткичтер, үрөндөр жетпей жатат дегенди укпайын. Коркунуч бар болсо, алдын ала айткыла коркпой. Биз аракет кылып чечкенге аракет кылабыз», — деди Төрөбаев.