Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, кыргыз авиация тармагынын кызматкерлерин, бул тармактын ардагерлерин жана конокторду куттуктады.
“Жакында эле Жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттик 4 жылда өтүүүчү Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөндүгүн өзгөчө сүйүнүч, толкундануу менен айта кетейин. Өзүңүздөр билгендей, бул – Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудитинен өтүү менен, Кыргызстандын авиация тармагы бардык эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктады. Бул аракеттерибиз Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгууга өбөлгө болот. Белгилүү болгондой, Кыргызстан 2006-жылдан бери ушул “кара тизмеден” чыга албай келген”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасында 1994-жылдан тартып 7-октябрь – Жарандык авиация күнү деп белгиленип келет. Ал эми анын таржымалына токтолсок, жарандык авиациянын тарыхы 1933-жылда Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин токтому кабыл алынгандан тартып башталган.