Буга чейин Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абаддагы заводдордун бирин рейдерлик жол менен тартып алганы айтылган аудио тараган. Анда Бакыт Төрөбаев мурдагы депутат Эркин Төрөбаев (Жолдошалиев) менен сүйлөшүп жаткан. Бул тууралуу Спутник жазды.
Төрөбаев аудиодогу бир тууган агасы Жолдошалинин уулу Эркин Төрөбаев экенин билдирди.
“Камчыбек Кыдыршаевич мага “Барселонанын жанында иниңдин жер тилкеси бар экен, сатып алалы деп жатабыз, арзаныраак сүйлөшүп берчи” деген. Мен иним менен көп байланышта болбогондуктан, бул маселени тактоо үчүн бир тууган агама “Эркиндин жери бар экен, сатып алабыз деп жатышыптыр, байланыштырып коёсузбу” деп айткам. Андан ары жер канчага сатылганы же кандай соодалашуу болгону боюнча кызыккан эмесмин”, — деди Төрөбаев.
Ошондой эле ал жакында инисинин мүлктөрү кимдир бирөөлөр тарабынан тартып алынганы тууралуу сөздөрдү угуп, чын-төгүнүн билүү үчүн телефон чалып, тактоочу суроолорду бергенин кошумчалаган.
Ал баарлашуу туугандык деңгээлде экенин белгилеп, саясий максатта пайдаланбоону өтүнгөн.












