Бала бакчаларда тамакты ата-энелердин акчасына жүзөгө ашырылышы боюнча Билим берүү министрлиги түшүндүрмө берди.
11-августта кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунда тамактанууну каржылоо булактары болуп:
Ошондуктан “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренеси мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар кабыл алынгандан кийин ишке ашырылат.
Өкмөттүн 2008-жылдын 15-январындагы №7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай нормалары” токтомунда — балдар яслилеринде жана бакчаларда үч жашка чейин 9-10 саат болуучуларга — 13 сом, үчтөн жети жашка чейин 9-10,5 саат болуучуларга 18 сом каралган. Бул талап бардык бала бакчаларда сакталбайт.
Суткалык нормаларын тең салмактоо жана толук кандуу тамак-аш менен камсыз кылуу максатында жана учурдагы инфляцияга байланыштуу мамлекет тарабынан бөлүнгөн 18 сом өлчөмүндөгү акча каражаты бала бакчаларда рационалдуу жана балансталган тамактануусунун талабына жооп бербегендигине байланыштуу республиканын аймактарында ата-энелерден ар кандай суммадагы акча каражаттары сарпталууда.
Алсак:
Төлөмдөрдүн сакталышы | МЧББУ | Каржылоо |
Бала бакчада тамак-аштын иш жүзүндөгү наркынын 50% өлчөмүндө төлөмү боюнча норманын сакталышы | 103
|
15 сомдон 18 сомго чейин |
Бала бакчаларда тамак-аштын иш жүзүндөгү наркынын 50% өлчөмүндө төлөмү боюнча норманын сакталбагандыгы жана үч-төрт эсе жогорулашы | 1386 | 25 сомдон 100 сомго чейин |
Бала бакчаларда тамак-аштын иш жүзүндөгү наркынын 50% өлчөмүндө төлөмү боюнча норманын сакталбагандыгы жана көрсөткүчтөр 5 эсе жогорулашы | 94 | 120 сом |
Бишкек шаарын мисалга алсак, факты жүзүндө Бишкек шаарында тамак ашка бир күндө 120 сом сарпталса, анын 60 сомун — ата-энелер, ал эми 60 сомун мэрия каржылайт. Башкача айтканда бир айда 60 сомдон 22 күнгө эсептесек, айына 1320 сомду бала бакчадагы ата-энелер төлөп жатат. Ал эми толук түрдө каржылоодо күнүнө 120 сом болсо, 22 күндө 2640 сомго туура келет.