Биздин “Тагдыр” берүүбүздүн бул жолку каарманы Бишкек шаарынын тургуну 43 жаштагы Наргиза Сармурзаева. 2 баланын энеси борбор калаадагы унаа жуучу жайларда иштеп, жан багарын айтат. Туруктуу жашаган жери болбогондугуна байланыштуу, иштеген жерлеринде түнөп, атүгүл сейил бактарда жатып калган күндөр көп эле болот дейт Сармурзаева.
“Колумдан келген аракетимди жасап келдим, бирок жашоом оңолмок тургай, карызга батып, ден соолугум начарлап жатканы өкүндүрөт” деген каарманыбыздын баяны видеодо.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: Мбанк: 0500 40 22 88
«Баламды акча жогунан туугандарга жөнөттүм. Кызымды жөнөтөйүн десем жанымдан чыккысы келбейт. Мага караан да болот. Ачка-ток чогуу жүрөбүз. Ата-энем каза болуп калган. Бир туугандарымдын өзүнүн жашоосу бар. Алардан сурагандан намыстанам.
Насыям да бар. Ал өсүп отуруп 9 миң сом болуп кетти. Башка карызым жок. Идиш жууп жүрдүм. Азыр унаа жууйм», — деди ал.