Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды мектептеги рэкетти токтотууга жана анын алдын алуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырды.
Акыйкатчыга Бишкек шаарындагы №13 мектеп гимназиясынын ата-энелери балдарынын укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылды.
“Мен эки баламды 22-декабрда кафеге алып барып, курсактарын тойгузуп, ийримге жөнөткөм. Балдарым 9 жана 11 жашта. Алар менен чогуу дагы эки досу бирге кетишкен. Аларды жолдон бир мектепте окуган, эки жаш улуу бала кармап, колдорундагы пицца жана таттуулары салынган баштыктарын тартып алып, акча талап кылыптыр. Улуу баламды ур-токмокко алган. Баламдын баш мээси чайкалып, ооруканага жатып чыктык”, — деди балдардын апасы. Аял 25-декабрь күнү милицияга да арыз жазган.
Жамиля Жаманбаева бул ишти жеке көзөмөлүнө алды.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүү максатында Ички иштер министрлигине, Билим берүү министрлигине жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кат жолдоду.
Буга чейин инстаграмдагы black_list.kg баракчасына уулу ооруканага түшкөн апа кайрылып, окуя тууралуу айтып берген. Анын айтымында, окуя 22-декабрда болгон. Уулу баш мээси чайкалып, белиндеги оору менен ооруканага түшкөн.