«Армения менен Абхазиядан келген оң рулдуу унаалар дагы деле кирип жатат». Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
«Депутат Марлен Маматалиев экөөбүз оң рулдуу унаалар боюнча мыйзам жазып, баарын даярдап, өкмөткө жибергенбиз. Өкмөт позициясын билдирип койсун деп былтыр айткам. Оң рулдуу унаалар дагы эле кирип жатат, өкмөт маселени үстү-үстүнө жыйнап жатат. Биз оң рулдуу унааларды ирээттеп, мыйзамдаштырып берип, андан кийин киргизбей коюшубуз керек да. Азыр аябай көп. Мындан миллиондогон акча түшөт», — деди ал.