Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаров менен жолукканын кечээ, 25-январда өткөн борбор калаанын социалдык маселелери боюнча жыйында билдирди.
Жапаровдун ага курулуш жаатында тапшырма бергенин жана каражат жагын чечүүгө убадалаганын айтты.
Ал эми жаңы шайланган президенттин томолой жетим балдар үчүн үй жана селсаяктарга борбор куруу боюнча эки тапшырма берилген.
“Садыр Жапаров томолой жетим балдар үчүн көп кабаттуу эки үйдүн курулушуна каражат табууга убада берди. Вице-мэр Азамат Сагындык уулунун сунушу менен Учкун кичи районунда жана Ленин районундагы жер тилкеде курулуш жүрөт деп болжолдонду. Акырындык менен жетим балдарды батир менен камсыздай алабыз деп ойлойм» ,— деди Түлөбаев.