Кечээ, 8-апрелде балбан Эрназар Акматалиев кичи мекени Нарын районуна барды. Бул тууралуу Нарын райондук администрациясынан билдиришти.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы, ата-энеси, бир туугандары, классташтары, мектеп окуучулары жана айыл тургундары катышты.
Район акими куттуктоо сөзүнөн кийин Акматалиев Эрназар Кубатбековичке Нарын районунун “Ардактуу атуулу” наамын, ал эми машыктыруучусу Сыдыкбеков Канатбек Акматалиевичке Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” ыйгарды.
Ошондой эле Чет-Нура айыл өкмөтү жана жергиликтүү Кеңеши тарабынан акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылып, Орто-Нура айылынын жаштары ат мингизип тосуп алышты.