Балдар онкологиясындагы госпиталдык мектептин мугалимдерине мамлекет айлык төлөй баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Госпиталдык мектеп – узак дарыланууга муктаж болгон балдардын үзгүлтүксүз билим алуусун камсыздоо үчүн оорукананын астында ачылган адистештирилген кабинет. Мындай мектептер Бишкек, Ош шаарларындагы балдар онкологиясы бөлүмдөрүндө иштеп жатат.
«2024-жылдын декабрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн госпиталдык мектептердин статусу боюнча форумда Оштогу госпиталдык мектептин мугалимдерине маяна төлөө маселеси көтөрүлгөн. Көп өтпөй маселе оң жагына чечилип, мамлекет мугалимдерге эмгек акы төлөй баштады», — деп жазылат маалыматта.
Кыргызстандагы госпиталдык мектеп 2018-жылы “Жардам берүү оңой” фондунун демилгеси жана аракети менен ачылган. Соңку төрт жыл бою «Жардам берүү оңой» фонду өз каражаттарынын эсебинен Оштогу мектептин мугалимдерине маяна төлөп келген.