Каарманыбыз Гүлчахра Сейитова 14 жашында турмушка чыккан. Анын айтымында, жолдошу каза болуп, 3 баласын бут кийим оңдоп, талаада иштеп жалгыз баккан. “9 жылдан кийин турмуш жаңырттым. Ал жолдошумдун экинчи аялы болуп тийдим деп ойлогом, көрсө, төртүнчү аялы экем” деген каарманыбыздын баянын уктук.
«Бут кийим тиккенди атамдан үйрөндүм. Ага жардам берип 4-5 жыл иштедим. 25 жашымда тиге баштагам», — деди ал.
Ал турмушка 14 жашында чыкканын айтты. «3 балам кичине кезинде жолдошум каза болуп калды. Өзүм көчүп-конуп жүрүп чоңойттум. Эң кичүүсү 12де. 9 жыл жалгыз бой жүрүп, аларды чоңойттум. Жакында эле экинчи жолу турмушка чыктым. 4 жыл болду. Экинчи балам боюмда бар», — деди ал.
Ал ошондой эле уулунун сунушу менен кайра турмушка чыкканда, жолдошу батирге чыгарып, колдогонун айтат. «Бир аз убакыт болсо да жардам берди. 3 жыл өткөндөн кийин анын 4 аялы бар экенин билдим», — деди ал.