Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн мэриянын автогаражына барды.
Калаа башчысы унаа токтотуучу жайдын шартын жана жаңы алынган унаалардын тазалыгын, абалын текшерип чыкты. Айдоочулар менен сүйлөшүп алардын айлык маянасын көтөрүү маселесин карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле дем алыш күндөрү кызматтык унааныны пайдаланбоо, айдоочулар графике ылайык гана иштеп, кечки саат алтыдан кийин ишти бүтүрүп, унааны гаражга токтотуп кетүүнү тапшырды.
Аны менен катар айдоочулар менен кызматкерлерге шарт түзүп берүү, мэриянын автогаражын жаңыдан куруу же башка имаратка көчүрүү маселесин карап чыгуу керектигин билдирди.