Президенттик администрация маалымат таратып, Балыкчы шаарынын башчысы болуп Султан Кермалиев дайындалганын билдирди.
Кермалиев 36 жашта, курулуш жаатында билим алып, «Шарипкан» курулуш компаниясын негиздеген.
«Аталган компания Чолпон-Атадагы комуз формасындагы пирсти жана Балыкчыдагы Зевс менен Посейдондун айкелдерин жасаган»,— деп жазышты жергиликтүү ЖМКлар.