9-октябрдан 13-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында 20636 аскердик бөлүгүнүн «Эдельвейс» окуу борборунун базасында Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Орусия жана Тажикстандын аскердик контингенттеринин катышуусу менен ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен «Бузулбас боордоштук-2023» биргелешкен машыгуусу өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.
Машыгуунун темасы: «ЖККУнун тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрү тарабынан тынчтыкты сактоочу операцияны даярдоо жана жүргүзүү». Машыгуунун негизги максаты — Бириккен командачылыктын кызмат адамдарынын жана ЖККУнун жамааттык тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн өздүк курамынын практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда тынчтыкты сактоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө бөлүктөрдүн милдеттерди аткарууда шайкештигин жогорулатуу болуп саналат.
Машыгуунун жүрүшүндө бийик тоолуу шарттарда кризистик зонада жаңжалдан кийинки жөнгө салуу – ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен тынчтыкты сактоо операциясын өткөрүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгат.
Практикалык иш-аракеттер жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөр тарабынан ӨКМдин жана ИИМдин бөлүкчөлөрү менен биргеликте блокпосттордо жана жабыркагандарды кабыл алуу пункттарында, колонналарды жана жүктөрдү коштоодо, калктуу конушту бошотууда, «барымтадагыларды» куткарууда окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууну карайт.
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...
«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...
Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга,...
Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. Ош облусунун Алай райондук билим берүү...
"Эмгек министрлигине байланышкан жол-жоболордун татаалдыгы жана ашыкча бюрократия тууралуу жарандардан көп кайрылуулар түшүп жатат. Министрлик жөлөкпулдарды жана башка документтерди алуу...